ololoOsh
Оштун борборундагы креативдүү IT хаб
| жумуш атмосферасы | кызыктуу коомчулук | инфраструктура |

жумуш атмосферасы
кызыктуу коомчулук
инфраструктура
Оштун борборундагы креативдүү IT хаб
ololoOsh
ololoOsh –ololo компаниялар тобунун республикалык тармагына кирген 1000 м²ден ашык аянттагы креативдүү IT хаб. Хаб 2018-жылы Accelerate Prosperity бизнес-акселераторунун катышуусу менен түзүлгөн.

Хабдын максаты – региондогу бизнес жана креативдүү коомчулукту өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлде нетворкинг түзүү үчүн аянтча уюштуруу. ololoOsh бул максаттарды билим берүү демилгелери жана IT, креативдүү индустриялар, ишкердик, искусство тармактарындагы иш-чаралар аркылуу жүзөгө ашырууда.

Хабдын инфраструктурасы резиденттер үчүн 24/7 жыл бою жеткиликтүү, ага төмөнкүлөр кирет:

● Кеңселер жана коворкинг
● 100 орундуу конференц-зал
● Жолугушуу бөлмөсү жана балдар бөлмөсү
● Кеңсе эмеректери жана техника
● Жогорку ылдамдыктагы интернет
● Кофейня жана ашкана
● Велосипед токтотуучу жай
● Коопсуздук, видео байкоо жана сигнализация системасы


Ошондой эле, ololoOsh хабынын базасында БУУӨПтүн Акселератор-лабораториясынын алдында Women Creative Lab креативдүү лабораториясы ишин жүргүзүүдө, анын максаты – Ош шаарындагы кыздарга жана айымдарга креативдүү тармактарда келечегин курууга көмөк көрсөтүү. 2021-жылы БУУӨПтүн жардамы менен хабдын ыңгайлуу жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

ololo компаниялар тобунун курамы: Бишкек жана Ош шаарларындагы креативдүү хабдар тармагы, Ысык-Көлдөгү ololoAkJol коворкинг-резорту жана ololoFamily art-мейманканасы, John Galt бизнес-акселератору, Liberterra кыймылсыз мүлктү башкаруу компаниясы, ololoEvents event агенттиги, ololoMedia digital агенттиги, айымдардын ишкердигин жана креативдүү бизнестерди өнүктүрүүгө багытталган WelcomeKG жана ololo creative impact fund.

Байланыштар

Дарек: Ош шаары, Ленин к., 316

Моб: +996 (504) 100 030

Е-mail: hausosh.m@ololo.city

Instagram: @ololocityosh
Facebook: ololoOsh